Бишкектеги почта кызматкерлери иш таштадыбы? «Элдик кабарчыга» расмий жооп

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигин «Элдик кабарчы» рубрикасына жаран кайрылып, «Кыргыз почтасы» ишканасынын Бейшеналиева менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүмүндөгү кызматкерлер иш таштаганын, буга айлыктын аз болгону себеп болгонун, жарандар сааттап кезекте турганын айтып, нааразычылыгын билдирген эле.

Бул боюнча редакция Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылганында, эч кандай иш таштоо болбогонун, учурда жарандар тиешелүү кызматтарды алып жатканын, аларды 3 кызматкер тейлеп жатканын билдирди.

«Эч кандай иш таштоо болгон жок. Болгону кабыл алуучу операторлордун бири ооруп, экинчиси үй шартына байланыштуу (жакындары каза болгон) жумушка чыккан эмес. Учурда 3 оператор кызмат көрсөтүп жатат. Дагы бир кызматкер башка бөлүмдөн жөнөтүлөт»,- дешти министрликтен.