Бишкектеги райондук соттун алдында Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Сот имаратынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүүдө. 

Митингге Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков менен экс-президенттин уулу Сеидбек Атамбаев да келди.