Бишкектеги ресторандардын бири тамак-аш калдыгын канализацияга төккөн. Айып салынды

8-декабрда социалдык тармакта «Сармерден» («Чоно Трейд» ЖЧК) ресторанынын өкүлдөрү тамак-аш калдыктарын канализацияга төгүп жаткан видео тасма жарыяланган. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Кечээ, 9-декабрда Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери «Бишкек суу канал» мамлекеттик ишканасы, №6 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте кайрылууну жеринде карашты. №6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан 17 миң сомго Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык протокол түзүлдү.

Маалымдама: 118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерди жөнгө салуу, пломбаларды, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу системаларынын люктарын жана кудуктарын ачуу, тээктерин жөнгө салуу, жылуулук, суу менен жабдуу системасынын нормалдуу иштешинин бузулушуна алып келүүчү пломбаларды жулуу, – жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн 55 өлчөмүндө, юридикалык жактарга — 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.