Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди оңдоону улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 13 саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо пландалган.
Бүгүнкү күндө №1 шаардык клиникалык оорукананын чатырын алмаштыруу иштери аяктады. Ошондой эле №4, №5, №7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, №2, №1 шаардык клиникалык оорукананын, шаардык гинекологиялык оорукана, шаардык реаблитация борборун, шаардык саламаттыкты сактоо борборун оңдоо иштерин жүргүзүү уланууда.