Бишкектеги «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда. Мэрия себебин айтты

Борбор калаада «Шашлычная №1» кафеси демонтаждалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу борбор калаада Тыналиев көчөсүнүн №2/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 16 миң чарчы метрди түзгөн «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда.

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда. Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышты.

Белгилей кетсек, жер тилкелерин ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен «Шашлычная №1» кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Аталган объектти курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын мекеменин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары, чыр-чатактуу кырдаалдар орун алган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды«,- дешти.