Бишкектеги соода борбордо кызды жылан чаккан учур видеого түшүп калган

Бишкектеги соода борбордун биринде 15 жаштагы кызды жылан чаккан. Маалыматты Ленин РИИБден тастыкташты.

«Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Териштирүүнүн жүрүшүндө соода борбордун администратору төмөндөгүлөрдү билдирген. 12-августта болжол менен саат 20:00 чамасында кыз ага барып, медайым чакырып берүүнү суранган. Ал зоопарк кызматкеринин колун жылан чагып алганын айткан. Медайым биринчи жардам көрсөтүп, кызды ооруканага жеткиришкен. 2009-жылы туулган жашы жете элек кыз да суралган. Ал ошол күнү саат 19:00дөн 21:00гө чейин зоопарктын кызматкеринин ордуна чыкканын, саат 20:15 чамасында аны жылан чагып алганын айткан. Аталган факты боюнча колун жылан чаккан, жашы жете элек кыздын атасы арыз жазуудан баш тарткан. Тергөө уланууда»,- деп айтылат маалыматта.