Бишкектеги соода борбордун алдында ызы-чуу салган аял психиатриялык ооруканага жеткирилди

Бишкекте көчөдө ызы-чуу салган аял психиатриялык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-февралда саат 15:24 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматынан «Азия Молл» соода борборунун жанында белгисиз аялдын ызы-чуу салып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматы барып, маалыматты тактаганда, жашы 30-35 чамасындагы аял өзүн билбеген абалда ызы-чуу салып жаткан. Кайгуул кызматкерлерине да баш ийбестик көрсөткөн. Кийин бул жаран Кайгуул кызматкерлери тарабынан Ленин РИИБге жеткирилип, андан ары Республикалык психиатриялык оорукананын кызматкерлерине өткөрүп берилди.