Бишкектеги соода борборлорунда балдар аянтчалары ачылды

Бишкек шаарындагы соода борборлорунда балдар аянтчалары иштеп баштайт. Уруксат берилгенин мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 2-июнда маалымдашты.

Соода борборлорундагы балдар аянтчалары ишин 1-июнда баштаган. Бирок бардык санитардык талаптар сакталышы керек. Аянтчанын жарымы гана толуп, аралыктар сакталып, жетекчилик тазалыкка көңүл бурууга милдеттүү.

Коронавирус жуктурган бейтаптардын саны өскөнүнө байланыштуу 1-апрелден тартып Бишкек шаарындагы соода борборлорундагы балдар аянтчалары алгач 2 жумага жабылган. Андан кийин эпидемиологиялык абалга жараша чечим кабыл алынып, мөөнөтү узартылып турган эле.