Бишкектеги стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу жүрүүдө. Видео

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жаңы кичи аренасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирип, видео бөлүштү.

Буга чейин ордо калаа жетекчилиги кичи аренанын курулушу 31-августка карата бүтө турганын билдирген. Арена 3 миң көрүүчүнү батыра алары жана кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойноого мүмкүнчүлүк берери айтылган. Аталган объектинин курулушунун жүрүшүн президент Садыр Жапаров башка курулуш иштерин кароонун алкагында апрелдин соңунда пландан тышкары барып көрүп кеткен. Өлкө аймагындагы курулуштардын жүрүшү боюнча маалымат туруктуу негизде мамлекет башчысына берилери маалымдалды.