Бишкектеги суу ташкыны: Суу каптоонун кесепеттери жоюлду

Бишкек шаарынын коммуналдык кызматтары абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу муз топтоонун натыйжасында пайда болгон суу каптоо кесепеттерин жойду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
«Бишкек суу чарба», «Бишкек жашыл чарба», «Тазалык», «Бишкек асфальт сервис», «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери, ӨКМдин кызматкерлери жана ыктыярчылар суу каптаган жолдорду, жөө адамдар өтүүчү аймактарды жана Ала-Арча дарыясынын жанындагы короо-сарайларды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Райондук администрациялар жана муниципалдык ишканалар күнү-түнү нөөмөт уюштурушкан. 4 фронталдык жүктөгүч, 10 HOWO самосвалы, 7 экскаватор жана 40 жумушчунун күчү менен жакынкы сугат тармактары тазаланды.
Бул абалды Бишкек шаарынын мэри жеке өзү көзөмөлдөйт.