Бишкектеги Сүйүнбаев көчөсү жарым-жартылай 20 күнгө жабык болот

Бишкекте 4-майдан 24-майга чейин Сүйүнбаев көчөсү Чүй проспектисинен Огонбоев көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жерде жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын төшөлөт. Белгилей кетсек, жол жабылган учурда унаалар өтүүчү альтернативалык жолдор Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү.