Бишкектеги түнкү окуя: Ташиев билдирүү кылды

Бишкекте бүгүн, 18-майга караган түнү орун алган окуя боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасады.

«Башка мамлекеттен келип, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын жоопкерчилигин кароо боюнча президентибизден тапшырма түшкөн. Анын негизинде апрель айынан баштап иштер жүргүзүлүп жатат, мындан ары дагы жүргүзүлөт. Күнүнө мыйзамсыз иштеген мигранттарды издеп таап, өлкөдөн чыгаруу аракеттерин көрүп жатабыз», — деди ал.