Бишкектеги түнкү ызы-чуу: чырдын келип чыгышы жана окуянын хронологиясы

Бүгүн, 18-майга караган түнү Бишкектин Чүй кең көчөсү жана 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде 100дөн ашуун адам топтолуп, ошол жерге жакын жайгашкан хостелге барышты. Мындай чогулууга 17-майда соцтармакта тарап кеткен хостелдердин биринде чет өлкөлүктөр менен Кыргыз жарандарынын катышуусунда чыккан мушташтын видеосу себеп болгон. Милициядан мушташтын 13-май күнү кечинде Буденный көчөсүндөгү хостелде чыкканын маалымдашкан.

Хостелди милиция кызматкерлери курчоого алып турду. Чогулгандарды артка кайтарууга аракет кылышканы менен алар таңкы маалда гана тарашканын милициядан кабарлашты.




Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Токтоналиев кармалган чет өлкөлүктөр жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Кармалган чет өлкөлүктөр хостелдеги мушташ үчүн кечирим сурашып, жоопкерчилик тартууга даярдыгын билдиришти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен Тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылганын маалымдашты. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү таратып, мыйзамсыз иштеген мигранттарды издеп таап, өлкөдөн чыгаруу аракеттерин көрүп жатканын айтты.