4-декабрда Wok lagman тез тамактануучу жайда массалык уулануу болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Бардык жабырлануучулар Киев көчөсү, 95 дарегиндеги “Вок лагман” фастфуд түйүнүндө гюро жана босо лагман жешкен. Белгиленген санитардык бузуулар боюнча протокол түзүлүп, мекемеге 215-беренесинин 5-бөлүгүнө (Тамак-аш азыктарын же тамак-аш чийки затын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же сатууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу) ылайык 23 миң сом айып салынды. Санитардык тартип бузууларды жоюу боюнча буйрук чыгарылган.