Бишкектеги үч көчөдө жол оңдоо иштери башталды. Унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет

Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Бишкек шаарынын дагы үч көчөсүнүн айрым бөлүгүндө жол иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эки жагына тротуарларды жана ирригациялык тутумду куруу менен төмөнкү көчөлөр оңдоло башталды:

1. Абдымомунов көчөсү — Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

2.. Жукеев-Пудовкин көчөсү — Кулатов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

3. Матросов көчөсү — Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин.

«Жогорудагы бөлүмдөрдө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, подрядчиктер — кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы»,- деп айтылат маалыматта.