Бишкектеги үч мектепте окуучулар класска бут кийимин чечип киришет. Мэриядан билдиришкендей, пилоттук долбоор иштей баштады.
Маалыматка караганда, бул бут кийим алмаштыруу долбоору азыркы тапта Свердлов районундагы №21, Биринчи Май районундагы №81 жана Ленин районундагы №84 орто мектептеринде иштеп жатат. Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.