Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору кызматкерлердин жумуш ордунда ден соолугун чыңдоого багытталган «Дени сак жамаат» сынагын өткөрдү. Ага Бишкектин 17 саламаттыкты сактоо уюму катышып, 12си финалга чыккан. 10-августта “Дени сак жамаат” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынактын катышуучулары эки ай бою социалдык тармактарга активдүү жашоо образын кандайча алып барышканы тууралуу фото жана видеолорду жайгаштырышкан. Жарыяланган посттор мазмуну, сапаты, креативдүүлүгү, жактыруулардын саны, көрүүлөр жана комментарийлер сыяктуу 8 критерий боюнча бааланды.
Сынактын жыйынтыгы:
1-орун: №5 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Чуркоочу спорттук жабдуу )
2-орун: №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Веломашыктыргыч)
3-орун: №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Теннис столу)
Номинациялар:
“Эң ынтымактуу дени сак жамаат” номинациясы менен – Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту (Спорттук турник)
«Эң чыгармачыл дени сак жамаат» номинациясы менен – №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Спорттук топтордун топтому)
«Элдик сыйлык» номинациясы менен — №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Спорттук топтордун топтому)
«Умтулуу» номинациясы менен — №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Спорттук топтордун топтому) сыйланышты.
Эске салсак, мелдештин максаты – дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, физикалык активдүүлүктү жайылтуу жана кыймылсыз жашоого каршы күрөшүү.