«Бишкектеги үйдө лифт кулап кетти» деген маалымат боюнча компания үн катты

Кечээ, 2-сентябрда Бишкектин Гагарин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө лифттин тросу үзүлүп, бир адам жабыркаганы айтылган. Ал Шаардык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Бул боюнча «SKY Industrial Group» компаниясынын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева маалымат берип, «лифт кулап кетти, трос үзүлүп кетти» деген такталбаган маалымат экенин билдирди.

«Кечээ, 2-сентябрда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт токтоп калды. Лифт кулаган жок, трос үзүлгөн эмес. Бул – кадимки эле коопсуздук системанын штаттык реакциясы. Коопсуздук системалары алгоритмдерге ылайык иштеди. Лифт «SKY Industrial Group» компаниясына таандык.

Окуя болгон жерге Мамэкотехинспекциянын инспектору барган. Лифт толук текшерилип, тросторго же башка системаларга эч кандай зыян келбегени аныкталган. Система ишке жарамдуу жана мындан аркы пайдалануу үчүн коопсуз деп табылган. Текшерүүдөн кийин лифт пайдаланууга берилген», — деп айтылат маалыматта.