Бишкектеги үйдүн алдына ымыркайды таштап кетишти

Бишкекте үйдүн алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, факты Ленин РИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Мындан тышкары, Биринчи май РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, натыйжада бала Биринчи Май районундагы Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилди. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү уланып, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.