Бишкектеги «Ынтымак Ордого» кантип, качан кирүүгө болот? Расмий жооп

Бүгүн, 2-сентябрдан тартып президенттин администрациясынын жаңы имараты – “Ынтымак Ордого” жарандардын экскурсиясы башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Иш күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин өздүгүн тастыктоочу документ менен келип “Ынтымак Ордону” көрүп кетсеңиздер болот. Бир учурда 20 мейман кирет. Алар атайын журналга катталып, кайра экинчи жолу кире албастыгын эскертебиз. Бул чара имаратты көрүүнү каалоочулардын көптүгү менен шартталган. 20 адам экскурсиядан чыккан соң кезектеги кийинки 20 адам киришет. Аларды коштоп, залдарды көрсөткөн кызматкер болот.

«Экскурсия дүйшөмбүдөн ишембиге чейин. Ошондой эле, сиздер барган учурда башка адамдар дагы келип, кезек күтүп турууга туура келиши мүмкүн. Буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.