Бишкектеги кара түтүн эмнеден улам күчөп жатат?

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрүнө «Бишкектеги абаны тазартууга кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?» деп суроо салды.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов «Акыркы 2-3 жылдан бери бул маселе менен күрөшүп жатабыз. 3 жылда үч миңдей кичи автобустар шаардан чыгарылды. Анын ордуна газ менен жүргөн автобустар жүрүп жатат. Көмүр менен иштеген 50дөй социалдык объектилер газдаштырылды. ЖЭБ оңдоодон кийин мурдагыдай түтүн чыкпай калды. Эски унаалардын түтүнү да кошумча болуп жатат. Андан сырткары маселе калктуу конуштарда да бар. Алар сапатсыз көмүрлөрдү жагышат», — деп жооп берди.

Кулматов жакында эле парламент колдоп берген 52 миллион АКШ долларынын 32 миллиону мэрияга берилерин айтып, «Мэрия аны шаардыктарга газ мештерин алууга жеңилдетилген кредит катары берет. Экология министрлиги 6 миллион долларга лабораторияларды курат. Гидрометке да бөлүндү, биз абанын сапатын аныктоочу жаңы станцияларды курабыз», — деп кошумчалады.