Бишкектеги жаңы курулган инфекциялык оорукана ишке кирди

Коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын кошумча корпусу бейтаптарды кабыл алууга даяр. Ал 100 орунга ылайыкташкан. Анын курулушуна 77 миллион 500 миң сом кеткен. Корпус 3 бөлүмдөн турат: жандандыруу бөлүмү, интенсивдүү терапия жана дарылоо бөлүмү.

Ооруканада 180 даана медициналык жабдуулар, анын ичинде эмеректер, компьютердик техникалар, мобилдик рентген аппараты, портативдик УЗИ, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, дефибриллятор, керебеттин жанында бейтаптардын абалын байкоо жүргүзүүчү мониторлор коюлган.
Ар бир палатада даараткана жана жуунуучу бөлмөсү бар. Дарыгерлерге палатага кирбей бейтапты карай ала турган терезе үчүн тешик жасалган.

“Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды бүгүнкү күндөн тартып кабыл алып баштайбыз. Ооруканада 125 кызматкер иш алып барат, анын 22си врач”, — деди Саламаттыкты сактоо министри.