Борбор калаада жеке жүргүнчү ташуучулар арасында «Парковка» рейди жүрүп, анын алкагында 39 унаа эвакуацияланган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Батыш автобекети убактылуу «Ак-Кула» ипподромунун жанындагы участокко көчүрүлгөн. Бирок жеке ташуучулар өз ишмердүүлүгүн шаар ичинде улантууда. Ошондуктан рейдде эски батыш автобекетинин тегереги жана Ош базарынын жанындагы Кулиев, Пушкин, Бобулов, Ростовская, Рыскулов көчөлөрүнө жакын жайгашкан жерлерлер текшерилди.
«Убактылуу Батыш автобекетинин аймагында нарколог, автотранспорттун техникалык абалын текшерүү боюнча адистер бар. «Ак-Кула» жаңы убактылуу автобекетинен Бишкек шаарын көздөй жана кайра артка кеткен жүргүнчүлөр үчүн №13, 40, 19 маршруттары уюштурулган. Ал эми жаңы Батыш автобекетинин курулушу 2025-жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлөт», — деп жазылат билдирүүдө.
Рейдди Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек ШИИБдин патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте өткөрүштү.