Бишкектен «Ала-Арча» паркына автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал майдан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынарын эскерткен. Учурда унаа токтотуучу ири жай курулуп бүтөйүн деп калганын белгилеген. Келген конокторду атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет.
«Мындан сырткары, паркта алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда», – деген ал.