Билет баасы 500 сом. Бишкектен Алматыга автобус каттап жатат

«Кыргыз автобекети» Бишкек-Алматы багытында автобустар үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат. Күн сайын 08:00, 10:00, 12:00, 14:00, 16:00 жана 18:00до Батыш автобекетинен Бишкек-Алматы (Кыргызстан — Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу автобустар жүрүүдө.

Билеттин баасы 500 сомду түзөт жана аларды автобекеттин кассасынан алууга болот. Ал эми Алматыдан Бишкекке автобустар жогоруда көрсөтүлгөн сааттарда чыгат. Билет баасы 2500 теңге.