Бишкектен Анталияга учкан аба каттамдардын саны көбөйдү

Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунан Анталияга авиакаттамдардын саны жогорулады. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, туруктуу каттамдарды 4 авиакомпания ишке ашырууда.

«Пегасус» авиакомпаниясы:

• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби, ишемби)

«Фри берд» авиакомпаниясы:

• Анталия-Бишкек-Анталия — жумасына 4 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби, жекшемби)

«Туркиш Эйрлайнз» авиакомпаниясы:

• Анталия-Бишкек-Анталия — жумасына 2 жолу (дүйшөмбү, жума)

«Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы:

• Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 3 жолу (шаршемби, бейшемби, жекшемби).