Бишкек шаардык мэриясынан Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өзү жүктү жөнөтүүнү көзөмөлдөп, жарандарды тынчтыкка чакырды. Бишкектен жүктү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев коштоп барат.