Бишкектен Баткенге алгачкы гуманитардык жардам жөнөтүлдү (видео)

Бишкектен Баткен облусуна алгачкы гуманитардык жардам кечээ, 16-сентябрда жөнөтүлдү. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

«Кыска убакыттын ичинде кайдыгер эмес кыргызстандыктардын жардамы менен эң керектүү каражаттар жана тамак-аш чогултулду. Жакын арада бул гуманитардык жардам Баткен штабына жеткирилет»,- дешти.