Бишкектен жоголуп кеткен Гүлназ Мурсакматова Кара-Балтадан табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Гүлназ Мурсакматова аман-эсен табылды. Ал Кара-Балта шаарынан табылганын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Гүлназ Мурсакматова экинчи топтогу майып. Ал 11-апрелде саат 12:30 чамасында Бакыт үйүнүн айланасынан адашып, ошол бойдон жүргөн жери дайынсыз болуп жаткан.

«Издөө иштеринин алкагында ал 12-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында Кара-Балта шаарынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди», — дешти мекемеден.