Бишкектен Санкт-Петербург шаарына авиакаттам көбөйдү

 «Манас» эл аралык аэропортунан Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан маалымдашты.

«Урал аба жолдору» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат. Ошондой эле Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарды «АвиаТраффикКомпани» компаниясы да жумасына бир жолу (ишемби күнү) аткарып келет.