Бишкек – Нячанг – Бишкек каттамы ачылды. Маалыматка караганда, каттам аптасына 3 жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.
«Бул каттам Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат, анткени Нячанг (Вьетнам) өлкө борборунан биринчи түз эл аралык багыт болуп калды», — деп айтылат маалыматта.
Каттам «Компас» туроператору менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, кыргызстандыктарга Вьетнамдын алдыңкы курорттук борборлорунун бирине түз учууга мүмкүнчүлүгүн берет.