Бишкектен Ысык-Көлгө кеткен Асема дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 2008-жылы туулган Маткаримова Асема Жаныбековна дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 10-июлда Ысык-Көлгө иштөө үчүн кеткен жана бойдон жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, 0312 56 32 48, 0990 09 03 47, 0707 14 34 71, 0702 56 73 88 номурларына чалсаңар болот.