Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүнөн 4 тонна тиричилик буюмдарынан чогулган таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан маалымдашты.
«Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан жер үйдүн ээси көп жылдан бери таштанды чогултуп жүргөн. Анын кошуналары жагымсыз жыттанып жатканын айтып администрацияга арызданышкан.
Кызматкерлер барган учурда үйдүн короосу тиричилик буюмдарынан чогулган таштандыга толуп калганы аныкталган. «Тазалык» кызматкерлери кошумча оор жүк ташуучу унаа менен 4 тонналык таштандыны чыгарышкан. Үй ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.