«Бишкектики жетпей жаткансып». Балбак Түлөбаев Канттагы цемент заводго нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасында сүрөт менен бөлүшүп, Канттагы цемент чыгарган заводдун түтүнү Бишкекке тарап жатканын айтып, оңдотуу керектигин билдирди.

«Калайык! Бишкектеги түтүн жетпей жаткансып, эми Канттагы цемент завод калды. Мурун да көп жолу айткам. Текшерип, эскертүү берип оңдотуп коюш керек. Бизде азыр тартип орногон убак. Тиешелүү мамлекеттик органдар көңүл бурат деп ишенем. Бүгүн түтүн Бишкек тарапка тарап жатат»,- деп жазды ал.