Бишкектиктер бүгүн соода борборлорунда кантты, кан басымын бекер өлчөтө алышат

Эртең, 17-май Бүткүл дүйнөлүк гипертония күнү. Ага байланыштуу бүгүн артериалдык гипертензия, аны менен байланышкан коркунуч факторлору, гипертониянын олуттуу татаалдыктары жана профилактикалык иш-чаралар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Анын алкагында саат 18:00гө чейин каалоочулар Бишкек шаарындагы «Азия молл», «Бишкек Парк», «Дордой Плаза» соода комплекстерине келип кан басымын, кантты өлчөө, спирометрия жүргүзүү иштерине катышып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын факторлорун аныктап алса болот.