Бишкектиктер жалпы шаардык ишембиликте 117 тонна таштанды топтошту

Бишкектиктер жалпы шаардык ишембиликтин жүрүшүндө 117 тонна таштанды чогултушту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаарды тазалоого 12 миң 300гө жакын тургун активдүү катышкан. Алардын көбү шаардык муниципалитеттин кызматкерлери жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле райондук кызматтардын, уюмдардын, ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү болгон.