Бишкектин 6 чоң көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке түшөт

Бишкектин 6 чоң көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке түшөт. Жаңы тилкелер төмөнкү көчөлөрдө каралууда:

Абдрахманов — Токомбаевден Жумабекке чейин;

Жибек Жолу проспекти — Лермонтовдон Тоголок Молдого чейин;

Ахунбаев — 7-Апрелден Айтматов проспектине чейин;

Чүй проспекти — Лермонтовдон Ибраимовго чейин;

7-Апрель көчөсү — Жибек Жолудан Токомбаевге чейин;

Дэн Сяопин проспекти — Фучиктен Алыкулов көчөсүнө чейин.

Мэрия бул чара автобустардын ылдамдыгын жогорулатып, жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартарын айтууда.