Бишкектин абасын кантип тазалоо керек? Текебаев Германиянын тажрыйбасын бөлүштү

«Бишкек акыркы жылдары дүйнөдөгү абасы эң булганган 5 шаардын катарына кирип келе жатат. Өзгөчө кышында адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө чоң коркунуч жаралууда». Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасында жарыялады.

«Кыргызстан боюнча абаны булгаган заттардын 50 пайызга жакынын Бишкек шаары чыгарып, жылына 240 миң тоннага жакын зыян заттарды атмосферага чачат экен. Анын 180 миң тоннасын автотранспорттор чыгарат. Кыргызстанда 20 автоунаанын 16сы нормадан ашык зыян заттарды чачышат. Ушундай эле абал Ош шаарында. Ал жерде да күнүмдүк автоунаанын агымы 120 миң автомашинага жетет.

Германияда Е5, Е10 стандартындагы бензин сатыкка чыгат. Алар 10 пайызга чейин спирт аралаштырылган бензиндер. Германиянын этанол чыгаруучулар ассоциациясынын эсептөөлөрү боюнча, бензинге 10 пайызга чейин спирт кошулса, автомобилден атмосферага бөлүнүп чыккан каттуу зыяндуу заттар 75 пайызга чейин, уулуу заттар 20 пайызга чейин азаят экен.

Кыргызстанда бензинге спирт аралаштырып сатуу керек. Биринчиден, эгерде, биз бензинге 20 пайыз спирт аралаштырып сатсак, бензинге кетип жаткан 500 миллион доллардын 100-150 миллион доллары Кыргызстанда калат. Экинчиден, энергетикалык коопсуздукту камсыздайт, анткени, бензинди сырттан ташып келүү 20 пайызга азаят. Үчүнчүдөн, дыйкандардын кепилденген кирешелери көбөйөт. Эң негизгиси, өзүбүздүн экологиялык маселелерибизди чечебиз», — деп жазылат билдирүүдө.