Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө эки кесилиш жабылат

Жусуп Абдрахманов (темир жолдон жогорку бөлүгү Байтик баатыр) көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
10-июлдан тарта аталган көчөнүн Жоомарт Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Кесилиштерге асфальт басуу аяктагандан кийин Жусуп Абдрахманов көчөсүн Москва көчөсүнө чейин ачуу мерчемделүүдө. Андан тышкары 10-июль күнү Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Жусуп Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.
ЭСКЕРТҮҮ: Жолго асфальт басуу жумуштары аба ырайына (жамгырга) байланыштуу кечеңдеши мүмкүн. Мындай жагдайда график өзгөрөт.