Бишкектин Ахунбаев көчөсү Малдыбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды

Кечээ, 12-июлда Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

Ирригациялык системаны жана жашыл зонаны иретке келтирүү иштери улантылат. Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылган. Ахунбаев көчөсүнө Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.