Бишкектин айрым аймактарында 10 күн ысык суу жок болот

Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Фучик көчөсү №19/1 жер астындагы газ түтүгүндө газдын чыгып жатканына байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү токтотуп жатат.

«Бишкектеплоэнерго» коммуналдык компаниясы 13-сентябрдан 24-сентябрга чейин ысык суу берүүнү токтотууга аргасыз. «Факел» отканасы кечээ өчүрүлгөн, бүгүн «КЕЧ-1», «КЕЧ-2», «Интернат-1» жана «ВЧ» отканаларынын жабылышы күтүлүүдө», — дешти мэриядан.