Бишкектин айрым аймактарында 3 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарынын Проскурякова көчөсүндө жайгашкан 1971-жылы ишке берилген орто басымдагы газ өткөргүчтүн жанында жайгашкан газ кудугунан газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу, 13-июлдан 16-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жумуштарды коопсуз жүргүзүү максатында орто басымдагы газ өткөргүчтөр өчүрүлмөкчү. Жаратылыш газы өчүрүлө турган аймак: Аламүдүн айылы, Чугуева, ЧКК, Чернышевский, Аламүдүн дарыясынын кесилишкен аймагы; «Куликовский» кондитердик үйү.