Бишкектин айрым аймактарында 5 күн бою жылуулук жана ысык суу жок болот

Бишкектеги Осмонкул жана Древесный көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы газ түтүктөрүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга байланыштуу “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасы 15-19-ноябрь күндөрү жылуулук жана ысык суу берүүнү токтотот. “Красный строитель” конушунун Дачный №23 көчөсүндөгү дарек боюнча жайгашкан №21 мектеп-интернаттын отканасы өчүрүлөт. Жеринде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын оңдоо бригадасы жана бардык керектүү техникалары иш алып барууда.