25-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 00:00гө чейин берүү токтотулат.
Өчүрүү району: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү. Ошондой эле: «Красный Строитель» конушу, «Ак — Тилек» конушу, «Көлмө» конушу, «Алтын Бешик» конушу, «Салам Алик» конушу.
«Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.