Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

29-сентябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде таза суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Анкара көчөсү — ББЧК, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.

«ХБО» суу алгычындагы реконструкция иштерине байланыштуу өчүрүлөт.