Бишкектин айрым бөлүгүндө тургундар электр жарыгынын жоктугуна нааразы болушууда

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бишкектин түндүк аймагынын тургундары электр жарыгынын жоктугуна нааразы болушууда. Жарыктын өчүрүлүшү боюнча азырынча тиешелүү мекемелер маалымат берише элек.

Маалыматтарга караганда, Жибек-Жолу көчөсүнүн төмөнкү бөлүгү болгон Махатма Ганди көчөсүндө электр жарыгы жок, жол чырактар да ​​иштебей жатат. Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарынын жашоочулары да электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы. Ошондой эле түнкүсүн Манас айылы көчөсүндө түнкүсүн электр жарыгы жок болуп, жарык эртең менен саат 07:20да берилген. Ала-Тоо конушунда кечки саат 5-7ге чейин электр жарыгы жок болгон. Арча-Бешикте да өткөн түнү электр жарыгы 1,5 саатка өчүрүлгөн.