Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкек газ» газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-майдан 8-майга чейин Курманалиев көчөсү, Лермонтов көчөсү, Чүй проспекти, Осмонкул, Жибек Жолу, Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкек газ» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.