Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

«Бишкек жылуулук тармагы» ААКтын маалыматы боюнча, жылуулук тармактарын реконструкциялоого байланыштуу көчөлөрдүн айрым жерлеринде унаа кыймылы тосулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагы реконструкцияланат, ал 15 -сентябрга чейин созулат. «ГлавТехИнвест» ЖЧКсы Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылытуучу камераны реконструкциялоо боюнча иштерди аткарат, 20-августка чейин жол кыймылы  жарым-жартылай тосулат.

«Бардык иштер керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын чыгарылган буйруктарына ылайык жүргүзүлөт»,— деп айтылат маалыматта.