Бишкектин айрым конуштарында суу өчүрүлөт

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 20-февралда «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» конуштарында суу өчүрүлөт. Турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Маалыматка ылайык, «Мурас-Ордо» конушунда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өчүрүлсө, «Калыс-Ордодо»  саат 9:00дөн 18:00гө чейин суу жок болот. Суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.