Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектепке мезгил кутусун салуу аземи өттү. Объекттин жалпы аянты 6495 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев, Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана конуштун тургундары катышты.
«Акыркы үч жылдын ичинде борбор калаабызда 16 бала бакча, 18 мектеп курулуп, жалпысынан 15 миңге жакын баланы камтыды. Бүгүн жаңы түптөлүп жаткан мектеп 750 окуучуга ылайыкталган жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалат», — деди калаа башчысы.
Долбоор боюнча мектеп 3 кабаттуу окуу корпус, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары химия жана физика лабораториясы, компьютердик класстар китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат. Ошондой эле, балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө металл жана жыгач, кездемелерди иштетүү бөлмөлөрү, аскерге даярдоочу класстар, курал жарактарды сактоочу жайы, стоматология, дарыгердин бөлмөсү, волейбол, баскетбол жана гимнастика үчүн машыгуу залдары да каралган.